БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандын экономика тармагындагы кайсы жаатта аялдар, кайсы жатта эркектер басымдуулук кыла турганын Статистика боюнча улуттук комитет жарыялады.
Мекеме "Кыргызстандагы социалдык тенденциялар -2019–2023" жыйнагын чыгарды.
Ага ылайык, аялдар төмөнкү тармактарда көбүрөөк:
Кыймылсыз мүлк операциялары (100 пайыз);
Калкты саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (78 пайыз);
Билим берүү (77).
Эркектер негизинен төмөнкү тармактарда басымдуулук кылат:
Курулуш (99 пайыз);
Транспорт менен байланышкан жумуштар жана жүк сактоо (97 пайыз);
Тоо кендерин казуу (94 пайыз).