БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев Кыргызстанга келди деген маалыматты төгүндөдү.
Социалдык тармактарда "Жаныш Бакиев өлкөгө келди, Базар-Коргондо тартылды" деген сүрөтү тарап жатат.
"Бул — фейк маалымат. Жаныш Бакиев Кыргызстанга келген жок", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Жаныш Бакиев — 2010-жылы апрель айында өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Агасы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген. Кийин алар Беларустан саясий баш паанек алышкан. Учурда Минск шаарында жашай турганы айтылат.
Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече адам өмүрүн алган каргашалуу окуяга жана башка оор кылмыштарга күнөөлөнүп, Аскердик сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын июль айында Жогорку сот 7-апрель боюнча акыркы чечимин чыгарган. Анда сот коллегиясы Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.