Захарова Бербоктун Сириядагы россиялык базалар тууралуу сөзүнө жооп кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналында Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербоктун Сириядагы россиялык базалар тууралуу жасаган билдирүүсүнө жооп кайтарганын РИА Новости жазды.
Жума күнү немец дипломаты "Россиянын Сириядагы аскерий контингентинен баш тартчу мезгили келди" деген.
"Муну аскердик базалары АКШда жайгашкан ТИМ башчысы айтып жатат. Менде Германиянын ТИМ башчысы ушул сымал сунушту Вашингтонго сунуштоочу маал келген жокпу деген суроо жаралууда", — деген Захарова.

Сириядагы бийликтин алмашуусу

Ноябрдын аягынан тарта куралданган бир нече топ Сириянын шаарларын ээлеп ала баштаган. Анын ичинде Дамаск да болгон.
2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениеден жар салган.
Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес.
Сирия өкмөтүнүн жаңы түзүлгөн курамын өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Мухаммед аль-Башир башкарып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Германияда НАТО борборунун ачылышына комментарий берди