Улуттук банк 2024-жылы сомдун курсун кармап туруу үчүн канча каражат коротту?

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 675 миллион 650 миңден кем эмес доллар сатты.
Канча сатылды?
Башкы банктын сайтында өткөн жылы валютаны 13 жолу, жалпысынан 675 миллион 650 миң доллар сатканы айтылат. Бирок адатта ал жерде накталай эмес сатуулар көрсөтүлөт, накталай сатуулар тууралуу маалымат таба албадык.
Канча сатып алынды?
Ошондой эле 13 жолу америкалык валютаны, жалпысынан 369 миллион 850 миң доллар сатып алган. Ошол эле маалда накталай канча доллар алынганы айтылган эмес.
Колдогу маалыматтарга таянып, УБ интервенцияга (саткан суммадан алган сумманы кемиткенде) 305,8 миллион доллар короткон десек болот.
Былтыр доллардын курсу олку-солку болуп турган, мисалы, мартта 89,51 сом болсо, жайында 84 сомго чейин түшкөн.
Кыргызстанда “Кылым банк” аттуу мамлекеттик банк пайда болду