Кыргызстандан 50дөн ашык спортчу Кытайда өтчү кышкы Азия оюндарына катышат

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Кытайдын Харбин шаарында өтчү кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Харбин шаарында болот. Оюндар спорттун 11 түрүнөн өтүп, медалдын 64 комплекти ойнотулат.
Кыргызстандын атынан спорттук иш-чарага хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.
Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча республикалык чемпионат өтөт