Курулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун эми QR-код аркылуу текшерсе болот

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эми турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, Мамкурулуш атайын сайт даярдаган, ал жактан бардык курулуштар тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле 2025-жылдын январь айынан тарта ар бир курулуп жаткан объектиге QR-код тактайчасы илиниши керек.
"Ал QR-код менен телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуштун мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жерде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмдө курулуш аяктаганга чейин илинип турушу керек", — деген Орунтаев.
Мындан тышкары, курулуш компаниялары январдын аягына чейин ушундай QR-код тактайчасын илүүгө тийиш, болбосо айыпка жыгылары айтылды.
Өз от казандары болот. Мамкурулуштун башчысы эски имараттарды жаңыртуу тууралуу