Кыргызстанга которулган акчанын 94%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот.
Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат.
2024-жылдын январь айынан октябрына чейин өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар которулган. Анын ичинен 2 миллиард 351,1 миллион доллары Россиядан салынса, 4,3 миллион доллары Казакстандан келген.
Армения жана Беларусь боюнча маалыматтар берилген эмес. Бирок аларсыз деле акча которуунун аз дегенде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат.
Адатта сырттан которулган каражатты "мигранттар салган акча" деп коюшат. Бирок башка да транзакциялар эске алынат. Каражат ар кандай валютада алынып, алардын долларлык эквиваленти көрсөтүлөт.
Кыргызстанга ун жана буудай негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. Статистика