БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү жаңы макулдашуулардын түзүлүшүн шарттай турган болсо, Иран бул жаатта тезинен Батыш менен баарлашууга даяр. Бул тууралуу Ирандын ТИМинин башчысы Аббас Аракчи билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин министрдин эл аралык маселелер боюнча орун басары Казем Гариб-Абади Иран менен Европанын өзөктүк келишим боюнча кеңешмелеринин жаңы айлампасы 13-январда болорун айткан.
"Биз мурдагыдай эле Батыш менен өзөктүк программа боюнча тезинен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Ал сүйлөшүүлөр жаңы келишимдин түзүлүшүн шартташы керек", — деген Аракчи.
Ирандын Европанын үч мамлекети менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрү эки жылдык тыныгуудан кийин, 2024-жылдын 29-ноябрында, Женевада өткөн. Мындан бир жума мурда Улуу Британия, Германия, Франция жана АКШ демилгелеген Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Иранга каршы резолюциясы агенттиктин башкы директору Рафаэль Гроссинин Иранга иш сапарынын жыйынтыгын эске албастан кабыл алынган.
Гросси аталган мамлекетке былтыр ноябрда Фордо жана Нетенц шаарларындагы Тегерандын өзөктүк программасынын объектилерин текшерүү үчүн барган. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Гросси менен сүйлөшүү учурунда Тегеран өзөктүк курал чыгарбаганын, эми да жасабай турганын айткан.
2015-жылы Улуу Британия, Иран, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция Иранга салынган санкцияларды алып салуу боюнча өзөктүк келишимге кол коюшкан. Бул үчүн Иран өзөктүк программасын чектеши керек болчу.