Батыш башка нерсеге алаксып чыныгы согушта утула баштады. Профессордун баасы

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Батыш Россияга каршы маалыматтык согуш жүргүзүп жатып, чыныгы согуштан утула баштады. Бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору Гленн Дизен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Медиа жаатындагы согушка артыкчылык берүү менен НАТО чыныгы согуштан утулуп жатат", — деп жазган ал.
Аналитик Россиянын согуш талаасындагы тактикасын ЖМКлар бир топко мыскылдап жазышканын, бирок азыр Батыш РФтин инновациясын туурай баштаганын белгилеген.
Декабрда Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов орус армиясы 2024-жылы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө 4,5 миң чарчы чакырым жерди бошотконун айткан.
Фицо: Киев газ транзитин токтоткону үчүн украиндерге берилчү жардам кыскартылат