БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 5-январь, жекшембиде, тоолуу райондорго кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +2...+7, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Ал эми борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, эрте менен туман түшөт. Күндүн табы +2...+4 градус жылуу болсо, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн +3...+5 градуска чейин жылыйт.