Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин (Косо-Терек айылынан 10 чакырым түндүк чыгышта, Кызыл-Үнкүр айылынан 15 чакырым түндүк чыгышка, Жаз-Кечүү айылынан 15 чакырым түндүк батышка, Арсланбап айылынан 25 чакырым түндүк чыгышка чейин сезилген. Ал эми Чүй облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин (Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түштүк батышка, Төш-Булак айылынан 23 чакырым түштүк чыгышка, Бишкек шаарынан 36 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча, 2024-жылы Элдик Курултайды өткөрүүгө жана анын катчылыгын каржылоого 39 млн 500 миң сом коротулган. 2023-жылдын декабрь айынын аягында министрлер кабинетинин токтому менен туруктуу иш алып баруучу орган – «Элдик Курултайдын катчылыгы» түзүлүп, анын курамына жети кызматкер кирген. 2024-жыл үчүн республикалык бюджеттин долбооруна карата Финансы министрлигинин түшүндүрмө жазуусунда, аталган мекеменин негизги функцияларын аткарууга 8,9 миллион сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, декабрда өткөн үчүнчү Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө 30 миллион 672,3 миң сом сарпталган. Жыйынтыгында, 2024-жылы Элдик курултайды өткөрүү Кыргызстандын бюджетине 39 миллион 500 миң сомго түшкөн.
Россотрудничество 2025/26-окуу жылында Россия өкмөтүнүн квоталарына ылайык, Россия Федерациясынын университеттерине бекер окууга документтерди кабыл алууну улантууда. Министрликтен билдиришкендей, жаңы окуу жылында Кыргызстанга Россия өкмөтүнөн 700 квота бөлүнүп, ал Россиянын ЖОЖдорунда бюджеттик орундарга, башкача айтканда студенттер үчүн бекер орундарга окууга мүмкүнчүлүк берет. Документтерди кабыл алуу дээрлик бардык жарандык адистиктер боюнча жүрүп жатат. Квота Россиянын бюджетинин эсебинен бекер билим алуу, жатакана жана стипендияны камтыйт. Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бакалавр даражасы жана адистик даражасы. Ал эми, 4—5-курсту аяктагандар учун — магистратура, аспирантура жана ординатурага кабыл алуу уланууда.
Өзбекстандын президентинин алдындагы статистика агенттиги 2024-жылдагы палоонун индексин жарыялады. Ага ылайык, бул тамактын баасы орто эсеп менен 15,6% жогорулаган. 2023-жылдын декабрь айынан 2024-жылдын декабрь айына чейин аштын бир кишилик порциясы 24 978 сумдан, 28 885 сумга кымбаттаган. Баарынан да баанын көтөрүлүшү Анжиян облусунда катталган. Ал жакта баа 29% өскөн. Ал эми Сырдарыяда палоонун баасы болгону 2,1% жогорулаган. Ташкен