Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 11 млрд 96 млн куб метрди түзөтИран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын айттыКурулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун эми QR-код аркылуу текшерсе болотАлдыда кененирээкЭми турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, Мамкурулуш атайын сайт даярдаган, ал жактан бардык курулуштар тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле 2025-жылдын январь айынан тарта ар бир курулуп жаткан объектиге QR-код тактайчасы илиниши керек. "Ал QR-код менен телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуштун мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жерде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмдө курулуш аяктаганга чейин илинип турушу керек", — деген Орунтаев. Мындан тышкары, курулуш компаниялары январдын аягына чейин ушундай QR-код тактайчасын илүүгө тийиш, болбосо айыпка жыгылары айтылды.
Бүгүн, 4-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 96 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу маалымат «Улуттук электр станциялары» ААКсынын сайтында жарыяланды. Былтыр ушул маалда суунун көлөмү 10 миллиард 347 миллион куб метр болгон. Бүгүнкү күндөгү көрсөткүч былтыркыдан 749 миллион куб метрге көп Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө суунун агымы секундасына 196 куб метрди түзсө, чыгымы — 574 куб метр.
Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 675 миллион 650 миңден кем эмес доллар сатты. Улуттук банк ошондой эле 13 жолу, жалпысынан 369 миллион 850 миң доллар сатып алган. Ошол эле маалда накталай канча доллар алынганы айтылган эмес. Колдогу маалыматтарга таянып, УБ интервенцияга саткан суммадан алган сумманы кемиткенде 305,8 миллион доллар короткон десек болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналында Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербоктун Сириядагы россиялык базалар тууралуу жасаган билдирүүсүнө жооп кайтарганын РИА Новости жазды. Жума күнү немец дипломаты "Россиянын Сириядагы аскерий контингентинен баш тартчу мезгили келди" деген. "Муну аскердик базалары АКШда жайгашкан ТИМ башчысы айтып жатат. Менде Германиянын ТИМ башчысы ушул сымал сунушту Вашингтонго сунуштоочу маал келген жокпу деген суроо жаралууда", — деген Захарова.
Өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү жаңы макулдашуулардын түзүлүшүн шарттай турган болсо, Иран бул жаатта тезинен Батыш менен баарлашууга даяр. Бул тууралуу Ирандын ТИМинин башчысы Аббас Аракчи билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин министрдин эл аралык маселелер боюнча орун басары Казем Гариб-Абади Иран менен Европанын өзөктүк келишим боюнча кеңешмелеринин жаңы айлампасы 13-январда болорун айткан. "Биз мурдагыдай эле Батыш менен өзөктүк программа боюнча тезинен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Ал сүйлөшүүлөр жаңы келишимдин түзүлүшүн шартташы керек", — деген Аракчи. Ирандын Европанын үч мамлекети менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрү эки жылдык тыныгуудан кийин, 2024-жылдын 29-ноябрында, Женевада өткөн. Мындан бир жума мурда Улуу Британия, Германия, Франция жана АКШ демилгелеген Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Иранга каршы резолюциясы агенттиктин башкы директору Рафаэль Гроссинин Иранга иш сапарынын жыйынтыгын эске албастан кабыл алынган.