Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский аскер бөлүктү таштап кеткендер көбөйгөнүн моюндады

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскердик бөлүктөрдү өзү билемдик менен таштап кеткен учурлар былтыркыдан да көбөйгөнүн моюнга алды. Анын айкандарын РБК-Украина билдиргенин РИА Новости жазды.

"Аскердик бөлүктөн өзү билемдик менен кетип калгандар 2024-жылы арбыды", — деген Киев режиминин башчысы.

Зеленский дезертирликти жоокерлердин чарчаганы жана аскер бөлүктөрдө ротациялоого резервдин жоктугу менен байланыштырган.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон жана анын союздаштары 18 жаштан 25 жашка чейинки украин жарандарын мобилизациялоо зарыл дегенге кошуларын билдирген.
Агенттиктин маалыматында, интернетке Украинанын аскер комиссариаттарынын кызматкерлери мобилизация курагындагы эркектерди уруп-сабап, күч колдонуу менен унааларга салып алып кеткен учурларынын видеолору көп тараган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Зеленский мамлекетке каршы чечим кабыл алганы айтылды