Ош шаарындагы жаңы борбордук базардын көрүнүшү. Видео

Мэрия соодагерлерди эски базардан көчүүнү суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы Навои көчөсүндө иштеп жаткан борбордук базар 20-январдан тарта жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги соодагерлерди жана тургундарды Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга барууну өтүндү.
"20-январдан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат", — деп билдирди мэрия.
Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу каралууда. Ага чейин курулуштар жана соода түйүндөр көчүрүлүп, жер тазаланып, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөрү айтылды.
Ошто кийинки жылы муниципалдык ипотекалык үйлөр бериле баштайт