Кыргыз-Кытай чек арасында 187 метрлик достук көпүрөсү курулат

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасында 187 метрлик достук көпүрөсү салынат. Бул тууралуу "Кыргызстандын министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда айтылат.
Документте Алай районундагы Эркеч-Там чек ара пунктундагы объектини кытай тарап курары жазылган. Көпүрө колдонууга берилгенден кийин анын жарымы Кыргызстанга өтөт. Көпүрөнүн эки тарабында: Кытайдын аймагында 1,9 чакырым, Кыргызстандын аймагында 1,5 чакырым узундукта төрт тилкелүү магистраль салынмакчы. Жолдун туурасы 24,5 метрди түзөт.
Бийлик бул долбоор Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн зарыл экенин билдирди.
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу миллиондордун жашоосун жакшыртат