Радио

Сыдыков: акимдердин ротациясы жакшы натыйжа берди

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жетекчи туулган жеринде иштегенде калыстыктан тайдыра турган кырдаалдар көп болорун айтты.
Sputnik
Акимдерди ротациялоо чечими туура болгон. Анын натыйжасында элде бөлүнүү-жарылуу азайды. Бул тууралуу Замирбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ротация менен которулган акимдерге берилген негизги тапшырмалардын бири элдин ынтымагын бекемдөө болгон.
"Ротация тууралуу укканда "кайсы жакка баратам", "эл туура кабыл алабы", "сиңишип, иштеп кете аламбы?" деген суроолор жаралган. Ротация уруучулук, бөлүнүү сындуу нерселерди жок кылат. Экинчиден тааныш-билиштик болбойт. Мамлекеттик саясатты так жүргүзөсүң. Бул өнүгүүгө шарт түзөт. Өз жеринде иштегендерге калыстык кылганга мүмкүнчүлүк аз болот. Садыр Нуркожоевичтин бирден-бир тапшырмасы бөлүнбөй-бөлбөй кыргыз деген бир туунун түбүнө биригүү болчу. Менин оюмча ротация жакшы натыйжа берип жатат", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал жетекчилердин ротациясы дасыккан, кесипкөй адистерди иргеп алууга шарт түзүп жатканын кошумчалады.