Өлкөдө жаратылышты, экологияны сактоо максатында кандай иштер жасалды?

Sputnik
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2024-жылга коюлган тапшырмаларын, милдеттерин керектүү деңгээлде аткарды. Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе болуп жатат. Мындан улам Бишкек менен Чүйдүн абасын жакшыртуу максатында калкты көгүлтүр отко өткөрүү иштери жүргүзүлүп, жалпы 52 жаңы конуш газга туташтырылды. Муну менен көмүр жагуу 63 миң тоннага азайды. Мындан тышкары кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга, өсүмдүктөргө келтирген зыян үчүн салынган айып жогорулап, натыйжасы жакшы болду. 2025-жылы Ак илбирсти коргоо комитетинин кезектеги отурумун Бишкекте өткөрүү пландалып жатканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов маалымдады.