Билим берүү жана илим министрлиги 169 мектептин, 175 бала бакчанын жетекчилерин бекитти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тестирлөө 25-26-декабда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилигине бош орундардын тизмесине 169 талапкер бекитилген. Ошондой эле 175 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын жетекчилери бекитилгени белгиленди.
Кыргыз-кытай чек арасында 187 метрлик достук көпүрөсү салынат. Бул тууралуу "Кыргызстандын министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда айтылат. Документте Алай районундагы Эркеч-Там чек ара пунктундагы объектини кытай тарап курары жазылган. Көпүрө колдонууга берилгенден кийин анын жарымы Кыргызстанга өтөт. Көпүрөнүн эки тарабында: Кытайдын аймагында 1,9 чакырым, Кыргызстандын аймагында 1,5 чакырым узундукта төрт тилкелүү магистраль салынмакчы. Жолдун туурасы 24,5 метрди түзөт.Бийлик бул долбоор Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн зарыл экенин билдирди.
Кызыл-Кыядагы мечитке ымыркайды таштап кетишкенин Баткен облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, молдо мечитке эртең менен азан чакырганы барганда ак шейшепке оролгон эркек баланы таап алган. Фактыны Кызыл-Кыя ШИИБи каттоого алып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бөбөк шаардык ооруканага жеткирилип, медиктердин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жаңы жылдык майрамдарда кызматкерлердин нөөмөт графигин бекитти. Мекемеден билдиришкендей, учурда социалдык камсыздоо системасында 17 мектеп-интернат иштейт. Аларда 2 389 кызмат алуучулар – чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ошондой эле улгайган жарандар жашайт. Нөөмөт боюнча мониторинг министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Словакиянын премьер-министринин Smer-SD партиясы газ транзити токтотулгандыгы үчүн республикада жүргөн украиналыктарга жардамды кыскартууну колдоого даяр. Бул тууралуу премьердин өзү Роберт Фицо Facebook* социалдык тармагындагы баракчасында билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз коалицияда электр энергиясын берүүнү токтотууну жана Словакиянын аймагында жүргөн Украинанын жарандарына берилчү жардамды кескин кыскартууну талкуулоого жана макулдашууга даярбыз", — деген ал. Фицонун айтымында, 7-январда өкмөттүк делегация Брюсселде өтө турган сүйлөшүүлөргө катышат. Ал азыркы кырдаалда Словакия үчүн бирден-бир альтернатива – мамлекеттик каржыдан жоготууга учураган дээрлик 500 миллион евронун ордун толтурууга мүмкүндүк берүүчү компенсация механизмдерин издөө экенин белгиледи. Мындан тышкары, саясатчы газ республиканын ички керектөөсүнө жетиштүү экенин, быйыл ага болгон баа көтөрүлбөй турганын кошумчалады.