Камбар-Ата-1 ГЭСи толугу менен алты жарым жылда курулуп бүтөт — Энергетика министрлигинин 2025-жылга пландары кандай?

Sputnik
Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун көлөмү тарыхый чекке жетти, Токтогул ГЭСиндеги реабилитациялоо иштери дээрлик аяктады, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу кийинки жылы башталат. Энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясынын импортун жоюу, тариф саясаты тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди.