Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө коррупционерлерге карата катаал мыйзамдар күчүнө кирди. "2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Катаал мыйзамдар күчүнө кирди. Бардыгына, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге эскертем, кийин билбей калдым дебегиле. Учурунда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда көптөр күлүшкөн, бирок учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин ишенимдүү айта алам. Коррупция дагы ошондой жок кылынат", — деди Ташиев. Ал ошондой эле күч структуралары күнөөсүз адамдардын мойнуна кылмыш илип же атайын жасалган иштерге аралаштырбашы керектигин эскертип, алардын "мындай жыйынтыгынын" кереги жок экенин айтты.
Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондорду жазалоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ар бир жаран акысыз жана милдеттүү билим алууга укуктуу экени, бирок иш жүзүндө бир катар көйгөйлөр жаралганы жазылган. "Статистика боюнча, учурда 2,5 миңден ашык бала мектепке барбайт. Ага себеп — ата-энеге иштөө жана жардам берүү зарылдыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча жалпы билим берүү уюмуна жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энелердин колунда баланын документтеринин жоктугу, балага туугандары тарабынан көңүл буруунун жетишсиздиги", — деп жазылган негиздемеде. Мыйзамдарга ылайык, ата-энелер балдардын билим алуусу үчүн шарт түзүүгө милдеттүү, бирок бул милдетти аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда так жоопкерчилик каралган эместиги белгиленген.
Кыргызстанда жаны жыл түнү 322 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 31-декабрынан 2025-жылдын 1-январына саат 08:00гө чейинки аралыкта республикада 322 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 170и уул болсо, 152 ымыркай кыз болгон. Жалпысынан республика боюнча төрөт учурунда 56 кесарево операциясы жасалган. 2024-жылдын ноябрь айынын соңунда улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда калктын саны 7 млн 254 миңден ашканын билдирген.
Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар эс алуу күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин өлкө аймагында адистер тилсиз жоонун алдын алуу максатында мекемелерди, үйлөрдү кыдырып өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Эс алуу күндөрүнүн кырсыксыз, коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында жер-жерлерде өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар күжүрмөн даярдыкта иштешет. Министрлик жарандар кырсыктын күбөсү болсо же кырсыкка кабылса, ошондой эле аба ырайына байланыштуу унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн кызматтардын бирдиктүү 112 номерине байланышууга чакырат. Акысыз чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.