БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Полиция Жаңы Орлеанда топтошкон элди сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун аныктады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NBC News басылмасына шилтеме берип жазды.
"Окуядан кабардар жогорку кызматтагы үч киши алдын ала маалымат боюнча кылмышка 42 жаштагы Шамсуд Дим Жаббар шектелип жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
ЖМКлардын айтып-дегенине караганда, теракт үчүн колдонулган жүк ташуучу унаа онлайн-ресурс аркылуу түз ижарага алынган.
Америка президенти Жо Байден Жаңы Орлеанда терактыга шектелген киши АКШ менен Россияда тыюу салынган "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун иш-аракеттеринен шыктанганын билдирди.
Жаббар Американын жараны жана АКШ армиясынын ардагери болгон. Унаасынан курал-жарак, колго жасалган жардыруучу заттар, ошондой эле аталган уюмдун символикасы табылган.
Эске салсак, 1-январда Жаңы Орлеанда машина элдин арасына кирип барып, бир катарын сүзүп, тебелеп кеткен. Андан кийин элди, полицияны аткылап, атышууда өзү жок кылынган. Соңку маалыматтарда 15 киши көз жумуп, 30га чукул адам жабыркаган.
*Кыргызстанда, Россияда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм