Улуттук банктан 2015-жылдан бери 525,4 кг алтын куйма сатылган

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Улуттук банк алтын куймаларды сатып, сатып алганы боюнча маалыматтар менен бөлүштү.
Башкы банк алтын куймаларын 2015-жылдын 7-майынан тарта сата баштаган. Бул кадам элге инвестиция кылуу же акчаны коопсуз сактоо үчүн шарт түзүү максатында жасалган. Сатыкта салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки алты түр куйма бар. Банк куймаларды сатып гана тим болбостон, кайра сатып да алат. Баа Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар рыногунун кечки фиксингине жана доллардын курсуна жараша күн сайын белгиленет.
Канча алтын сатылган?
2015-жылдын 7-майынан 2024-жылдын 25-декабрына чейин Улуттук банк жалпы 525,4 килограмм алтын куймаларын 2 миллиард 426,6 миллион сомго саткан. Былтыр 1-январдан 25-декабрга чейин 60,8 килограмм куйма сатылып, алардын наркы 440,9 миллион сомду түзгөн.
Кандай салмактагы алтын куймаларга талап күч?
Калк арасында бардык өлчөмдөгү куймаларга туруктуу суроо-талап болгон. Айрыкча 5 граммдык куймалар көп сатылган.
Улуттук банк канча алтын куйма сатып алган?
2015-жылдын 7-майынан 2024-жылдын 25-декабрына чейин Улуттук банк 265,7 килограмм алтынды кайра сатып алып, 1 миллиард 182,6 миллион сом төлөгөн. Былтыр (25-декабрга чейин) 35 килограмм куйма Улуттук банкка кайтарылып, жалпы наркы 251,1 миллион сомду түзгөн.
Буга чейин Улуттук банк кайра сатып алуу механизми алтын куймаларга инвестициялоого ишеним туудуруп, суроо-талап күч алганын белгилеген. Бул механизм куймалардын жогорку ликвиддүүлүгүн (акчага айлантуу мүмкүндүгүн) камсыз кылган.
Эске салсак, өткөн жылы "Кыргыз алтын" да өз алтын куймаларын сата баштаган.
Кыргызстан 10 айда миллиард доллардан ашык акчага алтын экспорттоду