Россия Кыргызстанга газ импортунун көлөмүн жана үлүшүн көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2024-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан эки өлкөдөн — Россия жана Өзбекстандан жаратылыш газын импорттогон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, анын 97 пайыздан ашыгы Россиядан келген.
Жалпысынан өлкө 63,2 миллион долларга 421,4 миллион куб газ импорттогон.
Газ саткан өлкөлөр:
Россия — 410 миллион 3,7 миң куб;
Өзбекстан — 11 миллион 434,4 миң куб.
2023-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан жогорудагы эки өлкөдөн дээрлик 307 миллион куб газ импорттогон:
Россия — 276 миллион 32,2 миң куб;
Өзбекстан — 30 миллион 930 миң куб.
2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу Россиядан жаратылыш газынын импортунун көлөмү жана үлүшү көбөйгөн.
Россия — Кыргызстандын товарларынын негизги сатып алуучусу. Видеографика