Кыргызстандан чыккан товарлар кайсы мамлекеттерге кетет? Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматы боюнча (өткөн жылдын январь-октябрь айлары), Кыргызстан 3 миллиард 123,4 миллион долларга товар экспорттоду.
Өлкөдөн чыккан товарлар төмөнкү мамлекеттерге жөнөтүлгөн:
Россия — 937,4 миллион доллар (30 пайыз);
Улуу Британия — 871,1 миллион (27,9);
Казакстан — 359,3 миллион (11,5);
Өзбекстан — 266,8 миллион (8,5);
Гонконг — 131,1 миллион (4,2);
Кытай — 94 миллион (3);
БАЭ — 92,7 миллиона (3);
Түркия — 87,3 миллион (2,8);
Швейцария — 65,2 миллион (2,1).
Маанилүү эскертүү: мекеме Кытай менен анын атайын административдик району Гонконгго жөнөтүлгөн товарларды бөлүп көрсөткөн.
Дагы бир кызыктуу жагдай, Улуу Британияга кеткен товардын дээрлик бардыгы же 870,6 миллион долларын алтын түзөт. Россияга кийим-кече, тамак-аш, өнөр жай товарлары жана башка көптөгөн нерселер жөнөтүлгөн.
Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштады