Билим берүү министрлиги 169 мектептин, 175 бала бакчанын жетекчисин тандады

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 169 мектептин, 175 бала бакчанын жетекчилерин бекитти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тестирлөө 25-26-декабда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилигине бош орундардын тизмесине 169 талапкер бекитилген. Ошондой эле 175 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын жетекчилери бекитилгени белгиленди.
Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондорду жазалоо сунушталды