Казакстанда баңгизат өндүргөндөр жана саткандар өмүр бою эркинен ажыратылат

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Казакстанда баңгизат өндүргөндөр жана саткандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Тиешелүү мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Эми мындай кылмыш үчүн 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу, ошондой эле мүлктү конфискациялоо жазасы каралган.
Баңгизатты каткандар үчүн жаза жумшартылды, Эгерде мурда 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, эми 5 жылдан 8 жылга чейин кесилет. Бул чечим аталган кылмышка көбүнчө баңгизат өндүрүүчүлөрдүн курмандыгы болуп калган жаштар жана өспүрүмдөр барары менен түшүндүрүлдү.
Бирок бул кылмыш кайрадан кайталанса айыпкер 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Депутат баңгизаттын жеңил түрүнүн бирин мыйзамдаштырууну карап көрүүгө чакырды