БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 10-январга чейин “Парковка” аталышындагы рейд жүрөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган профилактикалык иш-чараны Патрулдук милиция өткөрүүдө.
Максаты — жолдордо тартип орнотуу, айдоочулук маданиятты жогорулатуу, жол кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу.
Патрулдук милиция туура эмес токтотулган унаалар жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп, аларга көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.