БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Лас-Вегаста Tesla Cybertruck үлгүсүндөгү электр унаасы жарылып, бир адам каза болуп, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 1-январда Трамп мунарасынын (Trump Towers) тушунда болгон.
Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Маск жарылуу унаанын техникалык мүчүлүштүгүнөн эмес, анын ичиндеги пиротехникалык заттардан же бомбадан болгонун белгиледи. Ал бул окуяны Жаңы Орлеандагы жүк ташуучу унаа элди тебелеп кеткен кырсык менен байланыштырды. Анын айтымында, эки унаа тең Turo кызматы аркылуу ижарага алынган.
Атайын кызматтар бул окуялардын байланышы бар-жогун иликтеп жатканы белгиленди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуунун себеби унаанын ичинде болгон пиротехникалык заттар жана бензин канистрлери экени аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө коопсуздук кызматтары окуя болгон жерден бардык далилдерди топтоп, эксперттик баалоо жүргүзүүдө. Анын террордук акт же башка атайын аракеттерге тиешеси бар-жок экени тактала элек.
Буга чейин АКШнын Жаңы Орлеан шаарында жүк ташыган автоунаа айдаган киши элдин арасына кирип барып, бир катарларын сүзүп, тебелетип кеткен. Анда каза болгондордун саны 15ке жетти.