Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы товарлардын баасын көзөмөлдөбөйт — орган кандай мыйзам актылары менен иш жүргүзөт?

Sputnik
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы товарлардын баасын көзөмөлдөбөйт. Өлкөдөгү социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле өкмөт тарабынан кошумча милдеттер берилет. Алсак, эгерде маанилүү делген товардын баасы республика боюнча кескин көтөрүлсө антимонополия кызматы Экономика министрлигине көзөмөлдөө сунушун киргизет. Себепсиз өсүү аныкталса мамлекеттик жөнгө салуу чечими кабыл алынат. Быйыл кайсы товарларга жөнгө салуу киргизилген? Республика боюнча жалпы канча мониторинг жүргүзүлгөн? Антимонополия кызматы кандай мыйзам актылар менен иш алып барат?
Ушул жана суроолорго Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев жооп берди.