ИИМ: жаңы жылдын биринчи түнү тынч болду

Тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинен Жаңы жылдын түнү тынч өткөнүн, майрамда республика аймагында оор жана одоно укук бузуулар, кылмыштар катталбаганын айтышты.
Тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.
Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүп жатканын айтышты.
1 / 3

Ички иштер министрлигинен Жаңы жылдын түнү тынч өткөнүн, майрамда республика аймагында оор жана одоно укук бузуулар, кылмыштар катталбаганын айтышты

2 / 3

Тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда

3 / 3

Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүп жатканын айтышты

"Турак жайларда, эл көп чогулган жерлерде, иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул локациялардын жанында милициянын посттору коюлган. Ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы кызмат учурунда мыйзамды сактоого, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө дароо жооп берүүгө багытталган", – деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Видео