Жаңы Орлеанда автоунаа топтошкон элдин арасына кирип кетип, 10 киши өлдү. Видео

Окуяны шаардын мэри террордук акт деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. АКШнын Жаңы Орлеан шаарында жүк ташыган автоунаа айдаган киши элдин арасына кирип барып, бир катарларын сүзүп, тебелетип кеткен. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул окуяны шаардын мэри террордук акт деп атады.
"Бурбон көчөсүндө автокөлүк элдин арасына кирип кетип, андан бир топ киши каза болгону тууралуу кабарлар келип түштү. Жүк ташыган машина катуу ылдамдык менен келген. Автоунаа айдаган киши салондон чуркап чыгып, полиция менен атышкан", — деп айтылган маалыматта.
Кеминде 10 киши көз жуумп, 30га чукулу жабыркагандыгын кабарлашты. Полициянын маалыматында, бул атайын жасалган. Соңку маалыматтарга таянсак, ал кармала элек.
Шымкентте айдоочусуз автобус жөө адамдарды тебелеп кетти. Үрөй учурган видео