Кыргызстанга ун жана буудай негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. Статистика

Буудай дан сактоочу кампасы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, буудай негизинен Россиядан импортолсо, ун Казакстандан алып келинүүдө.
Эске салсак, өлкө өзүн-өзү толугу менен буудай менен камсыздай албайт.
Статкомдун соңку маалыматы боюнча (2024-жыл январь-октябрь), республикага 234,8 миң тонна буудай импорттолгон.
Өлкөлөр боюнча сандар:
Россия — 210,5 миң тонна;
Казакстан — 24,3 миң тонна;
Өзбекстан — 4,6 тонна.
2022-жылдын ушул эле мезгилинде 278,3 миң тонна буудай импорттолуп, көпчүлүгү Россияга туура келген.
2024-жылдын 10 айында 22,1 миң тонна буудай жана арпа-буудай уну төмөнкү өлкөлөрдөн сатып алынган:
Казакстан — 18,9 миң тонна;
Россия — 3,1 миң тонна;
АКШ — 100 тонна;
Өзбекстан — 24 тонна;
Франция — 15,6 тонна;
Беларусь — 0,9 тонна;
Түштүк Корея — 0,2 тонна.
Мурдагы жылы январь-октябрь аралыгында 28,4 миң тонна ун импорттолгон. Ошентип Кыргызстан өзүнө жетишпеген ун жана буудайдын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алат.
Кишилер супермаркеттен товар тандап жатышат. Архив
Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду