Кечээ Россиядагы жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болуп, бир бала аман калды

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Россияда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя Оренбург облусундагы Бузулукский районунун Алдаркино кыштагынын жанында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Chevrolet Cruze автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, башка автокөлүк менен сүзүшкөн. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Россиянын тиешелүү органдары маалымдагандай, кырсыктан 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. каза болгон. Автоунаадагы дагы бир кичинекей бала аман калган. Жаракат алгандыктан ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары жана медициналык кызматкерлери менен байланышта экенин белгилешти. Окуя болгон жерге элчиликтин Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кеткени белгилүү болду.
Бишкекте эки автоунаа кагышып, айдоочулары каза тапты