БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылга аттаган бир күндө 322 бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
2024-жылдын 31-декабрынан 2025-жылдын 1-январында таңкы саат 08:00гө чейин республикада 170 уул, 152 кыз жарыкка келди.
"2025-жылдын биринчи төрөтү 00:01де Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордо уул (3 100 грамм) жана Ысык-Ата райондук ооруканасында кыз бала (2 930 грамм) төрөлдү. Кара-Суу райондук ооруканада 00:02де 3 735 граммдык эркек бала жарык дүйнөгө келди. Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 00:20да уул төрөлдү", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 11 уул, 11 кыз, Чүй облустук бириктирилген ооруканасында үчтөн уул, кыз жарык дүйнөгө келгени кошумчаланды.