Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондорду жазалоо сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондорду жазалоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ар бир жаран акысыз жана милдеттүү билим алууга укуктуу экени, бирок иш жүзүндө бир катар көйгөйлөр жаралганы жазылган.
"Статистика боюнча, учурда 2,5 миңден ашык бала мектепке барбайт. Ага себеп — ата-энеге иштөө жана жардам берүү зарылдыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча жалпы билим берүү уюмуна жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энелердин колунда баланын документтеринин жоктугу, балага туугандары тарабынан көңүл буруунун жетишсиздиги", — деп жазылган негиздемеде.
Мыйзамдарга ылайык, ата-энелер балдардын билим алуусу үчүн шарт түзүүгө милдеттүү, бирок бул милдетти аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда так жоопкерчилик каралган эместиги белгиленген.
Мындан улам Укук бузуулар кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
окуучулардын билим алуу укуктарын бузган же мыйзамсыз чектеген учурларда эскертүү берилет. Эгерде мыйзам бузуу оңдолбосо — жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 миң сом айып салынат;
балдарды мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарына негизсиз кабыл албай койгондорго — жеке жактарды 10-12 миң сом, кызмат адамдарын 15-17 миң сомдук айыпка жыгуу каралган;
билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга — жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 20-65 миң сом айып каралган.
Мектептерде акча чогултууга тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койду