Өзгөрүп турат. Январга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Январда абанын температурасы нормадан бир градус жогору, ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча күндүн табы аймагына жараша болгону менен нормадан жогорураак болот
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча күндүн табы аймагына жараша болгону менен нормадан жогорураак болот. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот

Чүй облусу

Орточо температура нормадан жогору туруп -2…-4 градус, түндүгүндө -4…-6, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -5…-7 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы -4…-9 сууктан +4 градуска чейин жылыйт, кээде түнкүсүн -13…-18 градуска чейин түшсө, айрым күндөрү күндүз +9…+14 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Талас облусу

Абанын температурасы айрым түндөрдө -17 градуска чейин түшсө, кээ бир күндөрү +14 градуска чейин жогорулашы дагы ыктымал. Анткен менен абанын айлык орточо температурасы -3…-5 градустун тегерегинде сакталат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандары

Температура өрөөндөрдө -1…-3 градус, тоо этектеринде -2…-4 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде түнкүсүн температура -1…-6 сууктан +5 градуска чейин жылышы ыктымал. Жалпысынан эле аба аймакка жараша -12 градуска чейин сууктап, ошол эле учурда +16 градуска чейин жылышы ыктымал.

Ысык-Көл облусу

Дыйканчылык аймактарда абанын температурасы -1…-3 градус болот. Аймактын чыгышында -4…-6 градус чегинде турушу мүмкүн.
31 күндүн ичинде түндө сууктун күчү -18 градуска чейин жетиши ыктымал, ошол эле учурда кээ бир күндөрү +9 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Нарын облусу

Абанын орточо температурасы -13…-15 градус болот.
Кээ бир күндөрү температура -21…-26 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Ошол эле учурда Ат-Башы аймагында -25...-30 градуска чейин түшкөн учурлар кездешет.
ӨКМ: 1-3-январда ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал