Сокулукта автокырсыктан УКМКнын кызматкери каза болгону кабарланды

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Сокулукта автокырсыктан УКМКнын кызматкери каза болгонун маалымат булактар билдиришти.
Кырсык 30-декабрда түнкү саат 2:18дер чамасында болгон.
Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 33 жаштагы кызматкер рулга ээ боло албай жол жээгиндеги электр мамыны сүзүп, окуя болгон жерде көз жумган.
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар маркум Мамлекеттик күзөт кызматында эмгектенгенин билдиришти. УКМКдан бул боюнча комментарий берише элек.
Кечээ Россиядагы жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болуп, бир бала аман калды