БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коррупционерлердин жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 25-декабрда кабыл алынган.
“Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин ички саясий курсунун чараларын андан ары ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаны тактоо, катуулатуу жана чектөөлөрдү белгилөө жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды алдын алуунун таасирдүү рычагдарын түзүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган”, — деп жазылган маалыматта.
Аталган мыйзамды УКМК иштеп чыгып, аны парламентте атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев тааныштырып, 1-январдан тарта иштеши үчүн үч окууда тең колдоп берүүнү суранган.
Мыйзам долбоорунун урунттуу учурлары:
коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт;
коррупциялык кылмыш боюнча күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу жана айып пулдарды жокко чыгаруу;
жубайы, жакын тууганы оор же өзгөчө оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылгандарды мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
күнөөсүн моюнга алып, материалдык зыяндын ордун толтурса эркинен ажыратуу боюнча каралган максималдуу мөөнөттүн жарымын дайындоо.