БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемелер тармагын "Маариф" фондунун башкаруусуна өткөрүү чечилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Маариф" эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржан менен жолукканда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул чечим республиканын студенттеринин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгендиги айтылды.
© Фото / пресс-служба кабмина КР
"Маариф" фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. "Сапат" тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү келечегин бир топ жакшыртарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамаатынын укугун коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү", — деген Байсалов.
Биржан "Маариф" жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестиция тартууну көздөп жатканын билдирген.
"Мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылууда. Бул кадамдар өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жана билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Түркиянын "Маариф" фонду (Türkiye Maarif Vakfı) — 2016-жылы өлкөнүн Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Максаты — бала бакчалардан университеттерге чейин чет өлкөдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, ошондой эле Анадолунун жалпы баалуулуктарына жана салттарына негизделген маданий алмашууну жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.
2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашып, 61 класска эсептелген. Окуу Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.