Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Куттуктоодо Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү ийгиликтүү өнүгүп, алака бекемделип жатканы айтылган.
"Биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда активдүү кызматташып, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара кызматташууда. Биз, албетте, конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды андан ары арттыруу, ошондой эле Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен тыгыз иштерди улантабыз. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы 2025-жылы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", — деп айтылат Путиндин куттуктоо телеграммасында.
Эртең "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот