Мектептерде акча чогултууга тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мектептердеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-ноябрда кабыл алынган.
Максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу экени айтылган болчу.
Эми мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар — 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт.
Ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбайт.
Мектепте акча чогултса 60 миң сомго чейин айып салуу мыйзам долбоору сунушталды