Казакстандан келе жаткан 270 тонна буудайдан кекире чыгып, чек арадан киргизилген жок

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Казакстандан келе жаткан 270 тонна буудайдан кекире чыгып, чек арадан киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда фитосанитардык текшерүү үчүн буудайдан үлгү алынган.
"Чалдовар" өткөрүү пунктунан Казакстандан импорттолуп келген 270 тонна буудайдан үлгү алынып, Бишкектеги лабораторияга жөнөтүлгөн. Үлгүлөрдөн карантиндик зыяндуу организм — сойломо кекире табылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Казакстандын тиешелүү органына ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилери кошумчаланды.
Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду