Бишкектин бир районундагы мектептерге телефон үчүн кутучалар алынды

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Свердлов районунун жалпы билим берүүчү 34 мектебине окуучулардын уюлдук телефондору үчүн кутучалар берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Анын тартиби төмөнкүдөй: сабак башталар алдында окуучулар гаджеттерин ар бир класска коюлган номерленген кутучаларга салышат. Алар 1 195 окуу кабинетине орнотулмакчы.
"Бул иш-чаранын максаты — окуучуларды натыйжалуу окутуу, алардын ден соолугун сактоо жана окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүү", — дешти муниципалитеттен.
Жаңычылдыкты Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти ишке ашырган.
Министрлик окуучулардын телефон колдонуусунун эрежелерин сунуштады