"Сапат" билим берүү мекемелер тармагын "Маариф" фондунун башкаруусуна өткөрүү чечилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Маариф" эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржан менен жолукканда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бул чечим республиканын студенттеринин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгендиги айтылды."Маариф" фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. "Сапат" тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү келечегин бир топ жакшыртарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамаатынын укугун коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү", — деген Байсалов. Биржан "Маариф" жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестиция тартууну көздөп жатканын билдирген.Түркиянын "Маариф" фонду — 2016-жылы өлкөнүн Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм.
Казакстандан келе жаткан 270 тонна буудайдан кекире чыгып, чек арадан киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-декабрда фитосанитардык текшерүү үчүн буудайдан үлгү алынган. "Чалдовар" өткөрүү пунктунан Казакстандан импорттолуп келген 270 тонна буудайдан үлгү алынып, Бишкектеги лабораторияга жөнөтүлгөн. Үлгүлөрдөн карантиндик зыяндуу организм — сойломо кекире табылган", — деп айтылат маалыматта. Бул боюнча Казакстандын тиешелүү органына ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилери кошумчаланды.
2025-жылы бюджетте 24,3 миллиард сом профицит болот. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматта аталган профицит пландоого жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган салмактуу мамилени көрсөтүп турганы белгиленген. "Келе жаткан жылда бюджеттин кирешеси 430,2 миллиард сом, чыгашасы 405,9 миллиард сомду түзөт. Бюджет 24,3 миллиард сомдук профицит менен бекитилип, бул пландоого жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган салмактуу мамилени көрсөтүп турат. Бюджеттик саясаттын негизги максаты жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарын колдоо үчүн социалдык программаларга өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жарандарды турак жай менен камсыз кылуу иштерине да басым жасалат", — деп айтылган маалыматта. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууга ири суммада каражат бөлүнүп, экономикалык өсүшкө дем берилери кошумчаланган. 2025-жылдын 1-январынан баштап пландаштырылган транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгондугу үчүн айыптарды киргизүү 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталган, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылган. Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду 1-июлдан тарта салууну сунуштаган. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
«Айыл чарбасын каржылоо −12» долбоору боюнча 27-декабрга карата 4 млрд 850 млн 809 миң сомго 12 миң 83 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 444 насыя берилди. Банктар боюнча алганда: «Айыл Банк» ААК — 238 040 миң сомго 724 насыя; «Элдик Банк» ААК — 243 680 миң сомго 720 насыя. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда: «Айыл Банк» ААК — 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 210 насыя; «Элдик Банк» ААК — 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 171 насыя.
Министрлер кабинети 2025-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алды. Чечим дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылды. Беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн: 1-январдан 7-январга чейин жаңы жылдык каникулдар болот; 2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күнү; 3-январдын ордуна 24-февраль (23-февраль жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү; 6-январдын ордуна 10-март (8-март ишембиге туш келгендиктен дем алыш жылмак) жумуш күн; 2-май иш күн эмес болуп, ал 1-сентябрь (31-август жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү болот. Менчик ишканаларга ушул графикти колдонуу сунушталары кошумчаланган.
31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, концерттик программа 18:00дө башталып, ага россиялык ырчы Клава Кока, "Дискотека Авария" жана кыргыз эстрада жылдыздары катышат."Бишкектин "Ала-Тоо" аянты кооздуктары, музыкасы жана көңүл көтөргөн шаңы менен майрамдык маанайдын борборуна айланат. Үй-бүлөңүз, досторуңуз менен Жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер", — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.