Саламаттыкты сактоо жаатында 2024-жылы да бир катар өзгөрүүлөр бар. Министрдин айтымында, буга чейин бөйрөк, боор алмаштырууга уруксат берилип, операция жасалып баштаса, учурда чучук алмаштыруу да жасалып баштайт. Трансплантация тармагында донор табуу маселе жаратууда. Алдыда көзү өткөндөн кийин да органдарын донор катары пайдаланууга уруксат берүү каралат. Министрге ооруканалардын абалы, тез жардам, медицинабыздын техникалык абалы жана тармакты санариптештирүү, кадрдык маселелер, транслантация көйгөйлөрү тууралуу баарлаштык.