Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Чолпон-Атадагы 60 млн. сомдук кафе мамлекетке кайтарылдыНебензя Израиль менен АКШнын Йемендеги аракеттерине комментарий бердиМектептерде акча чогултууга тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койдуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров мектептердеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-ноябрда кабыл алынган. Максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу экени айтылган болчу. Эми мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар — 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт. Ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбайт.
Чолпон-Атада аскер комиссариатынын аймагындагы 60 миллион сомго бааланган кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, ал 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, кийин үчүнчү жактарга сатылып кеткен. "2001-жылы Чолпон-Ата шаардык аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А. менен макулдашып, аскер комиссариаттын жанындагы жерди С.А.М. аттуу жубайынын наамына каттатып, андан ары үчүнчү жактарга саткан. Алар кафе куруп Х.В.В. аттуу жаранга сатып жиберген", — деп айтылат маалыматта. Бул жердин азыркы ээси базар баасы 60 миллион сомду түзгөн объектини мамлекетке ыктыярдуу кайтарып бергени кошумчаланды.
Израилдин согуштук кадамдары жана АКШ башында турган Йемендеги коалиция — абалды атайылап курчутуу экендигин Россиянын БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Израиль менен англосаксондук коалициянын кадамдарын Йеменде карапайым калктын арасында адам өлтүрүү үчүн жасалган эскалация катары баалоо керек, башкача айтуу кыйын. Алар жооп кайтарууга аракет жасаган-жасабаганын айткан күндө да кыйроолордун масштабын эч нерсе менен салыштырып болбос", — деген россиялык дипломат БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны жүрүп жатканда. Небензя Израиль менен Йемендин ортосундагы тирешүү курчуп турган учурда Россия "Йеменге каршы карарып, тагыраагы, агрессияга өтүп алган тараптарды" карманып, абалды курчуткан кадамдарды жасабоого чакырарын айткан. "Жөнөкөй йемендиктер менен гуманитардык жардам боюнча иштеп жүргөндөрдү коргоо чараларын да кабыл алуу керек", — деп белгилеген россиялык дипломат.
Түштүк Кореянын соту тарыхта биринчи жолу кызматынан убактылуу четтетилсе да милдетин аткарып жаткан өлкө президенти Юн Сок Ёлдү камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Ренхап агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды. "Сот президент Юн Сок Ёлдү козголоңго айыптап камакка алуу үчүн ордер берди. Мындай кадам Түштүк Кореянын конституциялык тарыхында биринчи жолу жасалды", — деп айтылат маалыматта. Адатта ордер бир жумага чейин жарактуу болот. Мындан тышкары, президентти тинтүү үчүн да ордер берилгени белгилүү болду. Жакын арада Жогорку кызматтагы адамдарга карата коррупцияны иликтөө боюнча башкармалык ордердин аткарылышы боюнча чара көрө баштаары айтылды. Юн Сок Ёль азыр Коопсуздук кызматынын коргоосунда. ЖМКлар президентти кармоого келгенде анын күзөтчүлөрү каршы чыгарын жазып жатышат.