Баланын ички дүйнөсүнөн тышкары физикалык жана интеллектуалдык дүйнө кездешет. Физикалык дүйнөсүнө жыл өткөн сайын күбө болобуз. Аны медицинанын жардамы менен аныктоого болот. Интеллектуалдык дүйнөсүн болсо билим берүү аркылуу байкап жана ага жаш курагына жараша акылы, дүйнө таанымы, сүйлөө речи өнүккөндүгү, пикир алмашуусу кирет. Ал эми бала ата-энеден үйрөнүп, топтоп аны кийин убагы келгенде сыртка алып чыкканы ички дүйнөсү болуп саналат. Балдар психологдору ар бир бала уникалдуу, өзүнчө бир дүйнө принциби менен иштешет. Анда бир метод бардыгына таасир этпейт. Баланын жаш курагына жараша калоолорун түшүнүү керек. Ал үчүн ата-эне баласын жана өзүн таануу жетиштүү болорун балдар психологу Айнек Муратбекова айтып берди.