"Унаа" мекемеси жаңы жылдык майрамда кандай иштээрин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Унаа" мекемесинин жаңы жылдык майрам күндөрдөгү иш гафигин Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жарыялады.
31-декабрда ишкананын бардык бөлүмдөрү саат 17:00гө чейин ачык болот. Ал эми 1-7-январь күндөрү жарандарды кабыл албайт. 2025-жылдын 8-январынан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.
Мекемеден кыргызстандыктарды бул графиктен улам "Унаага" байланыштуу иштерин алдын ала пландап алууну эскертишти.
Өкмөт 2025-жылы кыргызстандыктар эс ала турган күндөрдүн графигин бекитти