БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. ОСАГО полиси жокторго айып салуу 1-июлга чейин жылдырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго 26-декабрда кол койгон.
Буга чейин Жогорку Кеңеште автоунаа ээлери камсыздандыруу полисин алууга жетишпей жаткандыктан аны жылдыруу зарыл экени белгиленген. Депутаттар эл арасында ОСАГО полиси тууралуу түшүндүрүү иштери жетишсиз экенин айтышкан.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келет. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.