БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ноокат райондук соту медреседе 14 жаштагы баланы өлтүрүүгө айыпталган жаранды камактан бошоткондугун Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Тергөө тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча 16 жаштагы М.М. айып тагылган.
“Сот ишти “Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү” беренесине өзгөрттү. М.М. бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Ал Ош шаарындагы №5 тергөө абагында болчу, бүгүн камактан бошотулду”, — деди маалымат булак.
Башкы прокуратура маалыматты тастыктап, өкүмдүн мыйзамдуулугун текшерип жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, октябрь айында Ноокат районундагы медреселердин биринде өспүрүм каза болгон. 16 жаштагы М.М. менен 14 жаштагы Ш.Ф. ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен экинчиси учтуу нерседен жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.